Menu

Чүй райондук ооруканасынын медайымдары стандартка жооп бербеген жергиликтүү кийим тигүүчүлөр тиккен кийимдерди кийип жүрүшөт

Бөлүшүү:

Чүй райондук ооруканасынын медайымдары стандартка жооп бербеген жергиликтүү кийим тигүүчүлөр тиккен кийимдерди кийип жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Фейсбук колдонуучусу Гүлжан Кутманбаева өзүнүн баракчасына жазып чыккан.

“Коопсуздук кеңеш сага айтам, саламаттык сактоо министри сен ук!

Чүй райондук ооруканасында абал өтө оор. Кечээ Искра айылынан бир адамдан коронавирус чыгып ага мед айымдар сапатсыз спецкийимдер менен барды. Айрымдарынын кийимдери сапат өтө начар болгондуктан жыртылып калды. Кайра алмаштырганы кийим жок… Аргасы түгөнгөн дарыгерлер ошол жыртык кийим менен өз өмүрлөрүн тобокелге салып иш алып барууга өтүштү… Мен сураштырып көрсөм, бир ишкер колунан келишинче швеядан атайын кийимдерди тиктирип бериптир… Ал медициналык жактан туура келеби, келбейби ким билсин! Бирок, үлбүрөгөн спецкийимдери менен коронавирус жуктуруп анын үй-бүлөсү анын ден-соолугунан чочулап жумушка чыгарбай коюшту… Мындан башка медиктер да бар. Алар бүгүн кайрадан башка оорулууларды карап жатышат. Мисалы, бир гинеколог боюнда бар аялдарды көрүүдө. Бул жол менен кетип отурса медиктерге андан үй-бүлөсүнө, андан башкаларга илдет жукпайт деп ким кепил боло алат. Эми Коопсуздук Кеңешине, Президентке, Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрине суроолор.

Эмне себептен врачтарга көп жолу кийиле турган, ал эми медсестраларга сапаты өтө начар кийимдерди берип койгонсуздар? Алар эмне роботпу? Коронавирус жукпайт деп ойлосуңарбы?

Искра айылында корановирус жуктуруп алган киши чет өлкөлөрдөн жүк ташып иштечү экен… Эмне себептен Кыргызстандын чек арасына келгенде обсервацияга алган эмессиңер? Анын 9 баласы бар экен, аларга жукса, андан башкаларга жукса эмне болот эми?

Эмне себептен бүткүл Кыргызстан боюнча медперсоналдар спецкийимдер менен толугу менен камсыздалган деген маалымат берип элди алдап жатасыңар? Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери жакшы эле кайрылып жатыптыр, эскертип жатыптыр, эмнеге алардын сөзүн укпай жатасыңар?
Ушул тапта вирус менен алпурушкан гана дарыгерлердин айлыктарына бонус кошулуптур… Калганы мурдагыдай эле аз акча менен отурушат… Ушундай учурда
“согуш майданында” жүргөн “баатырларыбызга” акчасын көбөйтүп берип, дем-күч кубат катары жакшы мамиле кылганга эмнеге жарабай жатасыңар?

Урматым менен Кыргызстандын патириот жараны, активисти Гүлжан Кутманбаева”,- деп жазган ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: