Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасына расмий сапары болду. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Расмий спардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулло Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Ошондой эле Мамлекет башчысы өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барды.
Сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери Ташкент шаарындагы өнөр жай көргөзмөсүнө барышы менен соңуна чыкты.
Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунан Мекенине узатты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ