Германияда 9-декабрда экс-президент Аскар Акаевге жумуртка ыргытып, анын кызы Бермет Акаевадан башка кол чатыр менен “жеген” жаран Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл округуна караштуу Кайнар айылынан Германияга ооп кеткен Алмазбек Токтош болуп чыкты. Социалдык тармактардагы активисттер Алмазбек Токтош тууралу көп маалыматтарды, фото жана видеоматериалдарды таап жарыялашууда.
Ал маалыматтарга ылайык Алмазбек Токтош 1970-жылы 20-сентябрда Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. 1976-1986-жылдары Макаренко атындагы орто мектепте окуган.
1987-1989-жылдары Алмазбек Токтош Советтик армиянын катарында Германияда кызмат кылган. Ошондон улам Алмаз Токтош Германияга эммиграцияга кетип, немис тилин өздөштүргөн болсо керек.
Саясый көз караштары либералдык-демократиялык багытта болуп, Кыргызстандын келечегин мына ушул багытта көргүсү келген.
9-декабрда болгон Акаевге карата чабуул өзүнүн эрки жана ишеними менен болгонбу же ошол чогулгандардын арасында кыйкырып жүрүшкөн Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 3 кызматкери тарабынан уютурулганбы – бул суроо азыр кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланып жатат.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ