7-апрель: элдин үмүтү эмнеге акталган жок?
Уран Рыскулов, укук коргоочу:
– Апрель революциясынын талаптары аткарылбайт. Анткени, бул бийликтин эл үчүн иштейли деген ниеттери болгон да эмес. Апрелде жөн гана бийлик талашуу болгон. Ошон үчүн революциянын талаптарын аткарууга ашыгышкан жок. Ошондуктан булардан революциянын талаптарын аткарат деп үмүт кылбай койсок деле болот. Ал эми сөз эркиндиги тууралуу сөз кылсак, сөз эркиндиги бар. Бирок өз сөздөрүнө жооп бербеген ээнооздордун эркиндиги. Кыргыздын тарыхында мындай болгон эмес. Кыргыздар акыйкат сөздүн эркиндиги деген жана ар бир киши оозунан чыккан сөзү үчүн керт башы менен жооп берген.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ