Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев айылдагы аксакалдар кеңешин, активистерди жана Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек Акунов менен биргеликте жыйын өткөрүп, анын алкагында терс диний агымдар менен күрөшүү жана алдын алуу, айыл ичиндеги ынтымакты бекемдөө, ысырапкерчиликти токтотуу маселелеринин талкуулашты.
Жыйын алкагында район акими жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, айыл аксакалдары биргеликте терс диний агымдар менен иштөө керектигин айтып, ысырапкерчиликти токтотуу керектигин жана бул боюнча атайын комиссия түзүү сунушун киргизди. Ал эми жыйындын катышуучулары ар бир айыл өкмөтүндө дагы ысырапкерчиликти токтотуу боюнча комиссия түзүү керектигин айтышып, бул жаатта иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.
“Албетте, биз жапа-тырмак ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча иш алып барышыбыз керек. Бүгүнкү жыйында атайын комиссиялык топ түзүлүп, анын жетекчиси болуп аксакалдар кеңешинин төрагасы дайындалды. Эми баарыбыз биргеликте эл арасында жыйындарды, жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,- деди Тоң районунун баш имамы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ