Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү аркылуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына КСДПчы Марат Аманкулов шайланды. Добуш берүүгө катышкан 112 депутаттын 101и аны колдоп, 10 депутат каршы добуш беришкен.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган комитетти жетектеген Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын төрагалыгына шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ