Menu

Видео – “Акнет” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады

Бөлүшүү:

“Акнет” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы  күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан “Акнет” ЖЧКсынын президенти К.А. карата  кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн
салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган ишти иликтөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Акнет” ЖЧКсынын президенти  жалпы суммасы  616 816 112 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган.

Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен  ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан.

Азыркы учурда “Акнет” ЖЧКсынын президенти К.А. карата  кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: