“Бүгүнкү күндө, Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар. Дагы бир өзгөчөлүк “JenExpert” ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин тактыкты берет. Азыркы учурда 6500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, – деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Маалыматка ылайык, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 204 койка, Кыргыз-түрк достук ооруканасында 71 койка, №6 шаардык клиникалык ооруканада 60 орун бар.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Анын ичинен 2 162си айыгып чыкса, тилекке каршы, оорудан 43 киши каза тапты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ