Аталган конкурс жер планетасындагы сулуулар сынагы болгон популярдуу 4 ири конкурстун бири болуп эсептелет. («Аалам сулуусу», «Дүйнө сулуусу», «Мисс интернешнл») Ал эми «Жер жүзүнүн сулуусу» конкурсу Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосунда жыл сайын Филлиппинде өткөрүлүп келет. Анын негизги идеясы- экология маселеси. Коомчулуктун көңүл борборун курчап турган чөйрөгө жана жаратылышты коргоого көңүл буруу. Ал сынактын кезектеги өткөрүлгөн финалдык бөлүгү 3-октябрда болуп, анда Вьетнамдык 23 жаштагы кыз Фыонг Кхань Нгуен сынакта «Теңдеши жок сулуу» деген наамды жеңип алды.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ