Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу анын орду бошогондон бери түн уйкудан калып, саясий интрига кылгандардын саны арбыды. Маселен, төрагалыкка шаардык кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлиги сунушталгандан бери аны ур-тепкиге алып жатып калышты. Аныгында Кубанычбек Камбаралиевич билимдүү акылы тетик жигит. Саясий интригадан алыс, ишеним артылса иштеп берээринен шек жок. Аны менен катар шаардык кеңешти башкарууга белсенип, төрагалык үчүн «салгылашам» деп билек туруп тургандардын бири Жумабек Салымбеков. Айтылуу Салымбековдордун династиясынан. Башкача айткан экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу. Шаардык кеңештин мурунку чакырылышында дагы депутат болгон. Ошол учурда Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын ыйык сахнасына туулган күн уюштурган «идеолог» так ушул жигит. Түшүнүктүүрөк болуш үчүн айта кетсек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков 2015-жылдын март айында кан досу Мурат Үсөновдун туулган күнүн өзгөчө кылып өткөрүүнү максат кылып, опера-балет театрынын сахнасына дасторкон даярдоо идеясын ишке ашырган. Залкарларлардын изи калган ыйык сахна тебелеп-тепселип, ал жерде арак-шарак ичилген. Мурат досу баягы «хамелеончосунан» тирүүлөй кубулган Данияр Урицкийдин, ап-ей Данияр Үсөновдун баласы. «Ойлоп тапкычтардын» бул жоругу учурунда ур-тепкиге алынган. Бирок, олуттуу чара деле көрүлгөн эмес. Эртеңки күнү Жумабек Мамытбаевич шаардык кеңешке төрага болуп калса, үйрөнгөн адаты менен филармониянын ыйык сахнасына «сүннөт той» өткөрбөйбү?!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ