Menu

Түркмөн офицерлери резервдеги жоокерлердин согуштук даярдыгынын начардыгына тынчсызданышууда

Бөлүшүү:

Түркмөн офицерлери резервдеги жана милдеттүү түрдө кызмат өтөп жаткан жоокерлердин даярдыгынын начардыгына тынчсызданышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады.

«Азырынча мобилизациялоо тууралуу сөз жок, бирок офицерлер резервдеги жана милдеттүү түрдө кызмат өтөп жаткан жоокерлердин ыктымал согуштук аракеттерге карата даярдыгынын начардыгына тынчсызданып жатышат», — деп билдирди булак.

12-январда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы борбордо резервдеги аскерлерди кайра каттоо башталганын маалымдаган. Бул кабарды «Түрмөнстан хроникасы» басылмасы да тастыктаган. Маалымат каражаттары мындай аракеттер ооган-түркмөн чек арасындагы кооптуу кырдаалга байланыштуу экенин кабарлашкан.

Түркмөнстан менен Ооганстандын ортосундагы чек аранын узундугу 800 чакырымды түзөт. Түркмөн басылмалары эки өлкө чек арасынын Ооганстан тарабындагы аймактардын дээрлик бардыгы жоочулардын көзөмөлүндө экенин кабарлап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: