Menu

Байсалов патриоттуулугун көрсөтүп жатат

Бөлүшүү:

Футбол боюнча курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогунда Филиппинди 3:1 эсебинде утуп, тайпадан үчүнчү орун менен сегизден бир финалдык оюнга өттү. Эми алар талаа ээлери Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен оюн өткөрөт. Эдил Байсалов ошол оюн өтчү Дубайга мүмкүнчүлүгү жеткендердин баарын футболчуларыбыздын демине дем кошуп, сүрөп турууга чакырды. Өзү дагы Европада жүргөнүнө карабай келе турганын билдирди. Ушундай учур биринчи жолу болуп жатат. Келгиле,жигиттерибизди колдоп туралы!” деп патриот экенин Байсалов дагы бир жолу далилдеди. Дубайда 11 жигитибиз жашыл талаага чыкса, күйөрман болуп баргандар он экинчи оюнчу болуп сүрөөнгө алса, шумкарларыбыздын экинчи «дыханиеси» ачылып, арабдардын дарбазасына катар-катар гол киргизишет да. Кыргыз футболу жогорку деңгээлге чыкканын дүйнө эли көрмөк. Россияда өткөн Дүйнөлүк чемпионатка барган капчыктуулар Байсаловдун демилгесин колдоп, Улуттук команданы Дубайда колдогону дагы баргыла. Патриот экениңерди көрсөткүлө да силер деле.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: