Menu

Эрдоган: Түркия менен Орусия биргелешип абадан коргонуу системасын өндүрө баштайт

Бөлүшүү:

Анкара менен Орусия биргелешип С-500 абадан коргонуу системасын өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Анын айтымында, Анкара Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алууну да өз убагында баштайт. Ошол эле маалда америкалык F-35 аскердик учактары дагы түрк армиясынын куралдануусуна алынат.

Москва менен Анкара 2,5 миллион долларга төрт С-400 комплексин сатып алуу тууралуу макулдашууга 2017-жылы кол койгон. Анда абадан коргонуу системасынын алгачкылары Түркияга 2020-жылы жазында жеткириле баштай тургандыгы жазылган. Бирок кийинчерээк тараптар бул мөөнөттү 2019-жылдын июлуна жылдырган.

Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн F-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Вашингтон ошондой эле С-400 америкалык Patriot системасынан айырмаланып, НАТОнун абадан коргонуу системасына ылайык келбей турганын белгилеген. АКШ Сенатында эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштыра турган болсо, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: