Эртең, 22-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгында ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйындын жүрүшүндө региондо жана дүйнөдө түзүлгөн кырдаалды, ошондой эле учурдагы чакырыктар менен коопсуздук коркунучтарына каршы турууда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн талкуулоо пландалууда.
Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Маалымат үчүн: ЖККУ – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстанды бириктирүүчү регионалдык эл аралык уюм. Уюмдун ишинин негизги багыттары тышкы саясий, аскердик жана аскердик-техникалык жааттарда өз ара аракеттенүү болуп саналат.
Азыркы учурда 2019-жылы ЖККУда Кыргызстандын төрагалыгына байланыштуу, кыргыз тарабы сунуш кылган кызматташтыктын негизги багыттарын, Уюмдун ишин улантуучулук жана натыйжалуулугун мындан аркы жогорулатуу принцибин эске алуу менен жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ