Menu

Зеленский президент катары алгачкы дайындоолорду жасады

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү күнү кызматка киришкен Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Башкы штабынын жетекчилигине генерал-лейтенант Руслан Хомчакты дайындады. Тиешелүү жарлык президенттин расмий сайтына жарыяланды.

51 жаштагы Хомчак Москвадагы жалпы билим берүүчү аскердик окуу жайды аяктап, Донбасстагы куралдуу жаңжалдарга катышкан.

Хомчак буга чейин Башкы штабды жетектеп келген армиянын генералы Виктор Муженконун ордуна дайындалды. Ленинграддагы аскердик окуу жайды аяктаган 57 жаштагы Муженко кезинде Донбасстагы жаңжалда украин аскерлерин жетектеген.

Мындан тышкары Зеленский шейшембиде президенттик администрациянын башчылыгына украин олигархы Игорь Коломойскийдин юристи Андрей Богданды, президенттин биринчи жардамчысы кызматына «Квартал 95» студиясынын ээлеринин бири Сергей Шефирди дайындады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: