Чүй ОИББнын КМК кызматынын Уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бейбаштыка шектүү жаран карамалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй ОИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында Сокулук районун ички иштер бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жергиликтүү жаран кайрылган, себеби белгисиз жарандар Сокулук районунда жайгашкан мейманкананын ичиндеги буюмдарды мас абалда талкалашкан.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, ыкчам-издөө иш-аракетинин натыйжасында, кылмышка шектүү делип 1987 жылы туулган Т.К. кармалган.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ