УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, тиешелүү коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2020-жылды октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын 575 млн. сому которулду.
УКМК коррупциялык кылмыштарды жасоо менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда жана бул тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берилип турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ