Ошто чарчап калган ымыркай балкондон табылган. Анын энеси зордукталгандан кийин кош бойлуу болуп калганын жана ымыркайды каалабагандыгын айтты. Мындай маалыматты журналисттерге Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда милицияга бир аял кайрылып, ал өз батиринин балконунан жаңы төрөлгөн баланын сөөгүн тапкан. Аял өзү бул батирде жашабагандыгын, аны 1994-жылы туулган кызга өткөрүп бергенин айткан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ымыркай 16-октябрда каза болуп, жансыз денеси 2-ноябрда табылган.
Ошондой эле, Ички иштер башкармалыгы кыз ымыркайдын атасына карата арыз жазгандыгын айтышты. Маалыматка ылайык, ал киши аны бир жыл мурун зордуктаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ