Menu

“Ата-Мекен” саясий партиясынын билдирүүсү

Бөлүшүү:

Урматтуу Кыргызстан жарандары!

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары!

Урматтуу саясий партиялардын лидерлери жана мүчөлөрү, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү!

“Ата-Мекен” партиясы өзүнүн лидери, чыгаан мамлекеттик ишмер, чыныгы эл уулу Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин ачыктан-ачык саясий куугунтукка алынып жатканына каршы нааразылык билдирет!

Негизсиз

– 7 жыл өткөндөн кийин берилген шектүү арыз боюнча;

– кандайдыр-бир оозго аларлык, акыл-эси жайында адам ишенерлик объективдүү

далили жок;

– камакка алынган инсанга, анын саясий абройуна жана кадыр-баркына, жарандык ак ниеттүүлүгүнө, ата мекенибиздин соңку жаңы тарыхындагы “тар жол, тайгак кечүүлөрдө” бир канча ирээт катаал сынактан өткөн адамдык бийик парасатына жана атуулдук ариетине карабастан процесстик чечимдерди кабыл алуунун бардык эрежелерин бузуу менен;

– далилсиз жалган жалаа боюнча кылмыш кылды деп айыптоо;

– камакка алуунун одонолугу жана жосунсуздугу;

– жазык ишинин материалдарын “кол жоолук” жалпыга маалымдоо каражаттары;

аркылуу алдын ала кеңири жарыя салуу менен Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө эмес, жеке саясий максаттарды – учурдагы бийликтин көптөгөн кыянатчылыктарынын, кылмыштарынын бетин ачкан, иштеп жаткан президенттин импичменти тууралуу маселени күн тартибине алып чыккан – негизги саясий оппоненттин жаагын жаап, эсебин табууга багытталганынан эч кандай шек саноого болбойт.

Өмүрбек Текебаевдин жашылыш камакка алынышы ал Европага болгон кызматтык иш сапарынан учурдагы бийликтин бир катар оор кылмыштары боюнча танылгыс далилдерди алып келе жатканынан улам болуп отурат. Даярдыксыз көрүүчүгө деле Л. Маевский менен А. Модиндин билдирүүлөрүнүн көрмө-жазууларынын жасалмалуулугу жана алдын ала ойлонуштурулган жалган жалаалуулугу ачык көрүнүп турат. Билдирүүлөрдөгү бири-бирине дал келбестиктер жана карама-каршылыктар арыздануучулар аталган – чет өлкөлүк жарандардын – азыркы бийликтин арам иштердеги өнөктөштөрү экенин ашкерелеп турат. Бул жагдай эки арыздануучу тең пара беришкенин моюндарына алып жатышканына карабастан, Кылмыш-жаза кодексине ылайык камакка алынышпаганы менен дагы далилденип отурат. Ал турмак, Л. Маевский эч кандай тоскоолдуксуз, А. Батукаев сыяктуу чоң атка минерлердин коштоосу алдында, урмат-сый менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгыралып жеберилди. Арыз берүүнүн убактысы да, ыкмасы да азыркы бийлик ээлери үчүн эң ыңгайлуу саясий учурду тандап алган.

Өмүрбек Текебаевдин бүтүндөй аң-сезимдүү мамлекеттик жана саясий ишмердиги кандай болбосун дооматтар жана жалаа жабуулар үчүн кынтыксыз болсо дагы, эмки бийлик бакиевдик “матрешка-гейттин” жосунсуз жоругун улантууга аргасыз болуп отурат.

Жасалма апостилдин бетинин ачылышы, “Белиз-гейт” операциясынын документалдуу түрдө жокко чыгарылышы Текебаевге жана “Ата-Мекен” партиясынын  башка лидерлерине карата МУКК териштирүүлөрүнүн саясий жүйөөлөнгөнүн далилдеп турат. “Белиз-гейтте” толук уятка калган МУКК өз өлкөсүндө көптөгөн булганыч жаңжаалдарга аралашкан жана соттук иштерге каоышы бар белгилүү эл аралык алдамчылар менен абийирге сыйбас бүтүмгө барып, жалган жалаалуу кеп байлашууга барып отурат. Л. Маевский ушундай эле жалган жалаалуу аракеттерди россиялык беделдүү партиялар КПРФ жана “Яблокого” каршы жасаган, алар сотко беришип Л. Маевскийге каршы доолордо утуп чыгышкан. Өкүнүчтүүсү азыркы учурда кыргыз соттору чечим кабыл алууда алардай көз каранды болушарына ишеним артуу кыйын. Л. Маевский бир эмес, бир нече россиялык ири ишканаларды “итке мингизген” бизнес-кызыл кулак катары кеңири белгилүү. Ошондой эле Л. Маевский өз убагында Максим Бакиевди Борис Березовский менен тааныштырган шылуун болгон. Анан  мына ушундай алдамчы КР Башкы прокуратурасынын жана МУКК айыптоосунун негизги күбөсү болуп саналат?!. Анан кантип Максим Бакиев менен өнөгү бир ушул мамлекеттик органдар адилеттүү, объективдүү териштирүү жүргүзө алашат?

2017-жылдын 25-февралында КТРК эфиринде Л. Маевский менен А. Модиндин көрсөтмөлөрү камтылган жазык ишинин материалдарына кошулган көрмө-жазуулар  көп ирээт көрсөтүлдү. Бул тергөөнүн сырын, сот өндүрүшүнүн тараптарынын теңдигин жана атаандаштыгын сактоо бөлүгүндө Жазык-процесстик кодексти одоно бузгандык болуп саналат.

Мындан тышкары, өзөктүү конституциялык күнөөсүздүк жоромолу принциби одоно бузулуп отурат. Өлкөнүн аймагын толук 100 пайыз камтыган КТРК эфиринде бир нече ирээт кайталап көрсөтүлгөн мындай маалымат соттун чечими чыкканга чейин эле жаран жана мамлекеттик ишмер Өмүрбук Чиркешович Текебаевдин, ошондой эле Дүйшөнкул Чотоновдун аброюуна чоң залал келтирди. Ошентип, сотко чейин эле  жазалоо үчүн кандай болбосун иш-аракетерди актоого жана андан ары жогортон түшүрүлгөн бир беткей айыптоо өкүмүн чыгартуу үчүн сотко кысым көрсөтүүгө багытталган коомдук пикир атайылап алдын ала калыптандырылган.

“Ата-Мекен” партиясы Кыргызстандын жогорку өкүлчүлүктүү органы  катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, бардык саясий партияларга,  Кыргыз Республикасынын президентигине бардык талапкерлерге кайрылат!

Биз Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына МУКК ишенбейбиз!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өмүрбек Текебаевге бөгөт коюунун эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган башка чарасына өзгөртүүнү талап кылышы керек. “Ата-Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаевге жазык ишин козгоонун мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө парламенттик териштирүү жүргүзүүнү талап кылат.

Эгерде Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн болчу соттук жазалоого жол бериле турган болсо, президенттик шайлоолордо саясий атаандаштарды четтетүүнүн жосунсуз  жоругу күч алат, бул азыркы бийликтин жана Президенттин мураскорунун административдик ресурсун бир нече эселеп арттырат. Ошентип, шайлоо атаандаштыгынан башка бардык талапкерлер чететилет.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Президент бийликтен сөзсүз кетип жаткан шартта тең мүмкүнчүлүктүү

шайлоолорду өткөрүүнүн эки келбес, кайталангыс тарыхий мүмкүнчүлүгү бийликти мыйзамсыз узарпациялоонун, басып алуунун пайдасына кетет! Ачык-айкын  айлоолор

жана элдин чыныгы эркин билдирүү кепилдиктери коркунучта!

Ата-Мекен партиясы бардык прогрессивдүү саясий күчтөрдү мына ушундай

коркунучтун алдында биригүүгө – “бир жакадан – баш, бир жеңден – кол чыгарып”  март, апрель ыңклаптарынын баатырлары баштарын сайган асыл идеялар, эгемен

республикабыздын чыныгы демократиялык келечеги үчүн бекем турууга чакырат. Биз

баарыбыз биргеликте мыйзамдуулукту калыбына келтиришибиз жана бийликти

узарпациялоонун, мыйзамсыз ээлеп алуунун улам күч алып бараткан аракеттерин

токтотушубуз керек! Күч – бирдикте! Эгемен элибиздин эртеңки келечеги үчүн бир

бололу!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары,

“Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын мүчөлөрү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: