Menu

Сапар Исаковдун өкмөтү гүлдөбөй эле куурап баштады…

Бөлүшүү:

Сапар Исаковдун «технократпыз» деген өкмөтү дайындалып атканда, «буларың декабрда эле таркатылат, президент ким болуп шайланбасын, Атамбаевдин балапандарын кетирет» деген кеп тарады эле. Эми карабайсыздарбы, ошол сөздүн анык мааниси чыкканын…

Биринчи, шайлоо иштери менен Таласка жөнөгөн вице-премьер Темир Жумакадыров жолдо каза болду. Жумакадыров шайлоо штабына жетекчи болуп, Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна дайындалганын кантип айтпайбыз? Зилалиев Баткендеги жыйында ачыктан ачык Сооронбай Жээнбековго үндөгөнүн «Азаттыктын» жергиликтүү корреспонденти жаздырып албаганда, Жумакадыров анын ордуна Таласка да жөнөтүлмөк эмес! Ажал!
Андан көп өтпөй эле 1-вице-премьер Толкунбек Абдыгулов Зилалиевдин ордуна көтөрүлүп, ал болсо мамлекеттик мүлк фондусуна түшүп калды. Кызматы «өтө төмөн» болгондуктан, Зилалиев инаугурацияга чакырылбай, ызаланып жүргөнүнөнбү же «тамаша кылам» дедиби, айтор, милийса кызга форма жөнүндө тийишкенин, ал «бомба» деп угуп алып, азыр тергөөгө алынды. Эми ойлоп көрсөңүздөр! Өкмөт мүчөсү УКМК сурагына террорист катары алынып атабы? Террорист болбосо, анда хулиган да. Ушул эле фактынын өзү Исаковдун авторитети нөл экенин көргөзүп койду. Же Зилалиевди коргоого да ала албайт, аны жумуштан кетире да албайт.

Улам бир гүлгө конгон көпөлөктөй болгон Абдыгуловго келсек, мунусу 1-вице-премьер катары казактар менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албаганынын жыйынтыгы: кыргыздар бүт товарларын Алматынын лабораториясынан текшертүүгө милдеттүү болуп калганы. «Андай болсо, биз эмнеге ЕвразЭСке кирдик?» деген эле суроо. Ал чала даярдалган долбоорду Жээнбековго тапшырган Абдыгулов, өзү катар-катар секирген эки вице-премьерликти тең тарта албаганын көрүп, жылуу жана тынч Улуттук банктын «майталкан» төрагалыгына кайра кетип калды. Ушуну менен Исаковдун өкмөтү капут болду! Угушубузча, 1-вице-пре-мьер болуп келген «тажрыйбалуу карышкыр» Аскарбек Шадиевге салыштырмалуу Исаковдун авторитети толугу менен эле түшүп калыптыр мамлекеттик аппаратта. Соңку убакта парламенттин бир канча дөөлөрү шымаланышып, «буюрса, жазы менен мен премьер болуп калам» деп добуш топтоп жүргөнү айдан ачык болууда. Кыскасы, жаштар өкмөтү гүлдөбөй эле куурай баштаганы ушул да…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: