Бүгүн, 10-январда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде уюштурулган No9025 шайлоо участкасы өз ишин аяктады.
Өзбекстанда убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандары жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дөн баштап 20.00 гө чейин Элчиликтин имаратында добуш беришти.
Добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын 174 жараны катышышты.
Шайлоо мыйзамдарга ылайык, санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ