2016-жылдын 26-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125, 127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылыктар жаралган. Жол тыгыны пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралгандыктан, саат 16:00дөн тартып, жолдун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасынан 3 даана грейдер, 5 даана самосвал, 2 даана жүктөгүч жана 15 жумушчу жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштерин жүргүзүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ