Menu

Орусия Крым аймагындагы украин ракеталарын жок кыларын эскертти

Бөлүшүү:

Бейшембиде Украинанын түштүгүндө ракеталык атууларды камтыган аскердик машыгуу башталды. Сыноого согуштук жана транспорттук авиация, зениттик-ракеталык жана радиотехникалык аскерлер жана учкучсуз авиация катышууда.

Украин ракеталары Крымга жакын зонада кое берилсе, аларды Орусиянын абадан коргонуу системасы атып түшүрөт. Бул боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги эскертүү жөнөткөн.

Эскертүүдө ракеталар Орусиянын кургактагы, деңиздеги жана аба мейкиндигиндеги объектилерине коркунуч жаратса, жооп иретинде ракетаны кое берген жабдуулар жок кылынары айтылган.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршембиде Орусиянын Коргоо министрлигинин Украинага жөнөткөн нотасында дагы ушундай эле көрсөтмө камтылганын билдирди.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов бул коркутууларга жооп берди. Ал Москваны “долулугу жана чагымдары” менен машыгуу өткөрүүгө жолтоо болбоого үндөдү. Чиновник эл аралык келишимдерге ылайык, Орусиянын Кара деңиздеги суверендүү аба мейкиндиги Керчен кысыгынын ортосунда бүтөрүн баса белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: