Биринчи май райондук соту мурунку судья Жапар Эрматовдун баш коргоо чарасын карап, аны 2020-жылдын 22-февралына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Жапар Эрматов Нарын шаардык сотунун төрагасы болуп турганда, 2013-жылдын апрелинде кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуу тууралуу чечим кабыл алган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ