Menu

Өзбекстандык диссидент Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды

Бөлүшүү:

Бир нече жылдан бери Швейцарияда жашаган саясий эмигрант Сафар Бекжан Өзбекстан жарандыгынан ажыратылганы маалым болду. Өзбек бийлиги мунун себептерин түшүндүргөн эмес. Диссидент аны саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

57 жаштагы Сафар Бекжандын айтымында, Өзбекстан бийлиги жарандыктан ажыратуу боюнча ага түшүндүрмө берген эмес:

​– Мен Өзбекстандын Берлиндеги консулдугунан кат алдым, анда 2017-жылы 17-мартта президенттин жарлыгы менен жарандыктан ажыратылганым жазылыптыр. Катта жарандыктан эмне себептен ажыратылганым туурасында эч нерсе айтылбаптыр. Мыйзам боюнча алар себептерин көрсөтүшү керек эле. Эгер менин экинчи жарандыгым болсо, алар муну себеп катары белгилей алышмак. Бирок менин башка жарандыгым жок. БУУ тарабынан берилген качкын макамым гана бар.

Өзбекстандын Берлиндеги консулдугу жеке мүнөздөгү маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.

Сафар Бекжан Хорезм облусунда туулган. Ал саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1997-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Швейцариядан башпаанек алган. Сафар Бекжан Эл аралык жазуучулар парламентинин мүчөсү.

Бекжан “Эрк” демократиялык партиясынын мүчөсү болуп турган кезде, 1993-96-жылдары түрмөгө отурган. Эркиндикке чыккандан кийин өзбек түрмөсүндөгү абал тууралуу “Тиги дүйнөнүн астанасы алдында” деген китеп жазган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: