Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, “Ноокат” салмак көлөмдүк контроль постунун жанындагы Ош-Ноокат жолунан “ДАФ” маркасындагы увтоунааны Шерау чиркегичи менен табышкан.
Аталган унаадагы жүктөргө текешерүү жүргүзгөндө болжол менен жалпы салмагы 17 тонна болгон, эч кандай документтери жок канаттуунун эти (өрдөктүн төштөрү) бар кутулар табылган.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош бөлүмүнүн корутундусуна ылайык кармалган товардын жалпы ортчо рынокутук наркы 2 миллиондон көп сомду (2 миллион 210 миң сом) түздү.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде (контрабанда) каралган кылмыштын белгиси боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ