Menu

Шайдиновдун шайын Ат-Башылыктар оодуруптур

Бөлүшүү:

Бийлик менен кирди-чыкты мамиле күтүп, керек учурда өз кызыкчылыгын ишке ашыра койгонго уста Эрик Шайдинов деген «ноен» бар. Саясатка ал Өмүрбек Бабановдун арты менен аралашкан. Бабановдун арты менен 2011-2012-жылдары «Манас» эл аралык аэропортуна президент болуп, май-талкандын үстүндө жүрдү. Түшүндө мындай кызматты көрбөгөн Шайдинов, «ат көрбөгөн минип өлтүрөт» дегендей эле кылган. Натыйжада ал жерден куулган. Ушул «ноен» шайлоо учурун-а Өмүрбек Бабановду колдоп тызылдап жүрдү. Анан Ат-Башыга барып акча таратмакчы болуптур. Муну угуп калган Ат-Башынын тың чыкмалары артынан сая түшкөндө, Эрик артын карабай качыптыр. Бирок кыраакы жигиттер ар бир машинаны токтотуп карап жатып таап алышып, кызыкты көргөзүшүптүр. Болушунча сабап туруп Ат-Башынын суусуна салып жиберээрде кадимки Шаки ортого түшүп, «жансоогалап» арачалап калганын айтышты. Дагы ажалы жок экен десең. Саясаттан «крит» кеткенден кийин шыйпактабай жөн эле жүрбөйбү!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: