Menu

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик: «Сооронбай президент болуп ишти алып кетерине көзүм жетет»

Бөлүшүү:

— Мамбет агай, сиз аксакал катары бул шайлоодо кимди президенттикке ылайыктуу деп ага жан тарттыңыз?

— Мен Сооронбай Жээнбековдон башкасы президенттикке жарабайт деп башында эле айткам. Анткени, жалгыз гана Сооронбай Жээнбековду эмес, Жээнбековдордун үй-бүлөсү тууралуу абдан жакшы билем. Беш бир тууган Жээнбековдордун баарын тааныйм. Жээнбековдор менен таанышканым да өзүнчө окуя. Алардын районунан Абдумомунов Токон деген бала менин окуучум болчу. Ошол бала Ош облусунда башкы врач болуп иштеп жүрдү. Жээнбековдордун атасы Шарип бүтүндөй түштүк аймакта аты чыккан, таасири бар кишилердин бири болгон экен. Мен өзүм ал киши менен жолугуп сүйлөшкөн эмесмин. Шарип Жээнбеков каза болгондо менин окуучумдун атасы топурак салганы ат менен келген экен. Кетип баратканда атына колтуктап мингизгенде, ошол жерден аттын үстүндө үзүлүптүр. Токон жакшы көргөн окуучум болгондуктан бир баламды ээрчитип алып атасына топурак салганы бардым. Бизди кечинде райондун борборуна алып келип жаткырышты. Биз түнөгөн жерден эки үйдөн кийин Жээнбековдордун үйү экен. Кечинде ушунча келгенден кийин уят, эртең менен кирип куран окутуп коёлу деп ойлондум. Эртең менен эрте ээрчитип барган балам экөөбүз куран окутканы кирдик. Киргенде зыңкыйган 6 баланы көрдүм. Куран окулгандан кийин мага ысык уча тартты. Учаны сыйлуу конокко тартат эмеспи. Өзүм таң калып, кечегиден калган уча болуш керек, таң жаңыдан атып атканда кайдагы ысык уча болсун деп ойлоп койдум. Ошондо абдан жылуу ойдо кеткем.

— Жээнбековдордун баарын жакшы тааныйм деп атпайсызбы. Кийин оңтою келип калганда уча тууралуу сурадыңызбы?

— Кийин Жусуп Шарипов Ысык-Көл облусуна губернатор болуп калганда экөөбүздүн мамилебиз абдан жакын болуп кетти. Экөөбүз ачык сүйлөшүп калганда “Мен абышкага куран окутканы киргенимде таң атпай уча тарткансыңар. Ошол мурунку күндөн калган уча болсо керек?” деп сурадым. “Жок, андай эмес Мамбет Мамакеевич. Сизди келди деп укканда кирип чыгат болуш керек деп таң аткыча учаны бышырып чыкканбыз” деди. Мына, адамды сыйлай билүү. Ошондон баштап Жээнбековдордун адамгерчилигин жогору баалап келем. Жусуп губернатор болуп Ысык-Көлдө абдан жакшы иштеди. Элде ынтымак, тынчтык, достук болду. Жээнбековдордун баарынын ичинде кири жок, жөнөкөй адамдар.

— Сооронбай менен жолугуп сүйлөшүп, анын жан дүйнөсү кандай экенин билсеңиз керек? Иштеген иштерине кандай баа бересиз?

— Сооронбайды дагы жакшы билем. Азыр башкасын айтпай эле коёюн, картошка кайсыл жерде өсөөрүн билбегендер жетекчи болуп калууда. Сооронбай болсо кызматтык тепкичин башкармадан баштады. Өлкө жетекчи айыл чарбасын, элдин турмушун жакшы билиши керек. Сооронбай болсо баарын билет. Айылында башкарма, облуста губернатор, депутат, айыл чарба министри, Өкмөт башчысы болуп иштеди. Баардык этапты басып өттү. Менин таң калганым, Сооронбай бир да жолу жаманатты болгон жок. Ар убак калыс иштеди. Калыстык деген ушул. Жээнбековго ишенсе болот. Ал ишти билген киши. Кайсыл иште иштебесин ийгилик коштоду. Өкмөттү башкарып турганда жасаган иштери боюнча депутаттардын алдында отчётун абдан жакшы деңгээлде берди. Каршылаштары ал жөнүндө бир нерселерди алып чыгалы десе, иши таза болуп, эч нерсе таппай койду го. Сооронбай менен көп жолу кезигип сүйлөштүм. Анын адамгерчилиги абдан жогору. Түшүнгөн кишиге иш билгилиги деген бир маселе болсо, адам менен сүйлөшө билүү, адамгерчиликтүү болуу негизги маселе. Өлкөбүздө жакшы- жаман, орто жүргөн ар түрдүү адамдар бар. Республиканын падышасы болуп жаткандан кийин алардын баары менен тил табышып сүйлөшүү керек. Муну жасоо Сооронбайдын колунан келет. Ал абдан жөнөкөй, баары менен сүйлөшө алат. Анын башы менен тили бири-бирине шайкеш келет. Мен ар дайым жетекчилердин башы менен тили, ал эми хирургдардын башы менен колу бири-бирине шайкеш келиши керек деп айтам. Сооронбай президент болуп ишти алып кетерине көзүм жетет. Себеби, республиканын чарбасынан тартып тышкы, ички саясатты да жакшы билет. Эл Сооронбайды шайлап жаңылган жок. Мен өмүр бою ден-соолуктун сакчысы болуп келаткан инсан катары Сооронбайга биринчи ден-соолук каалайм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: