Menu

Президенттик аппарат: Жээнбековдун Тажикстанга сапары боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга жумушчу сапары менен баруусу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты.

Анда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде чек ара меселеси талкууланмакчы. Президенттин аппараты эки президенттин жолугушуусунун убактысы жана орду такталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Тажикстандагы “Азия-плюс” басылмасы өз булактарына таянып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Исфарада жолугаарын кабарлаган.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылды. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматында беш киши жаракат алды.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Тажик өкмөтүндөгү ишенимдүү булак бир кишинин өмүрү кыйылып, алтоо жараат алганын ырастады. Маалыматка ылайык, чатак кыргыз айылдарынын тургундары Исфара-Ворух жолуна Тажикстандын желегин илбөөнү талап кылгандан улам тутанган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: