Menu

Айбек Мырза, жарандык активист: “Абылгазиев менен Жамшитовдун чабал экенин бир жыл мурда айтып чыкканбыз”

Бөлүшүү:

Курултайдын аткаруу комитети «Бийликтин узурпацияланышы, анын мамлекетке жана коомго тийгизген кесепеттери» деген темада жыйын өткөрдү. Жыйынга саясат казанында кайнаган саясатчылар Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Кадыров, Тойгонбек Калматов, Мамбетжунус Абылов ж.б. бүгүнкү саясый абал, экс-президент А.Атамбаев тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү.

Жыйындын уюштуруучуларынын бири, жарандык активист Айбек Мырзага айрым суроолорду узаттык.

– Айбек Мырза, камактан жаңы бошонгон, саясат казанында кайнаган көп саясатчылар уй мүйүз тарта отуруп, кеңешип кандай маселелерди козгодуңар?

– Албетте, биринчиден, өзүм билемдик менен өлкөнү сызга отургузган экс-президент Алмазбек Атамбаевди тез арада жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. Негизи 24-ноябрда өткөн курултайда бул маселе көтөрүлгөн. Тилекке каршы, 4-5 айдан бери курултайдын талабы ишке ашкан жок. Бул күнкү иш-чарада «Атамбаев камалсын», «байлыгы текшерилсин», «прокуратура он күн ичинде Атамбаевге кылмыш ишин козгосун, козголбосо ошол прокурордун жоопкерчилиги каралып, ага укуктук баа берилсин» деген талаптар болду.

– Атамбаевдин байлыгын текшерүү, жоопкерчиликке тартуу боюнча көп эле маселе көтөрүлөт, бирок, аны ишке ашыруу боюнча кандай жолдорду карадыңар?

– Атамбаевдин байлыгы боюнча депутаттардан түзүлгөн мамлекеттик комиссия, башпрокуратура бул ишти колго
алышы керек. Болбосо Атамбаевдин байлыгын текшерүү боюнча коомчулуктан «комиссия түзүлсүн» деген сунуштар болду. Мындай комиссия түзүлсө, алар ишти акырына чыгара турган курч адамдар болсо, жылыштар болот.

– Атамбаевди оппозицияда деп эсептейсиңби?

– Атамбаевди эч качан оппозиция болорун айта албайм. Оппозиция деген чоң идеянын, чоң күрөштөрдүн, мекенине күйүп-бышкан, баарына кайыл болгон мекенчил, жүрөктүүлөрдүн иштеринин негизинде болот. Ал эми «мени сатып кетти» деп жеке таарынычтын негизинде болуп жаткан нерсе бул түккө турбаган, мекенге түтөбөгөн, күйбөгөн эле бир жеке пикир. Мурунку жана азыркы башчынын тиреши мамлекетке, коомго жагымсыз нерсе.

– Жээнбековдун бүгүнкү саясаты тууралуу кандай пикирлер болду?

– «Президентке кандайдыр бир жардам болсун» деп курултайда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн көп талаптар көтөрүлдү. Учурдагы команданын алсыздыгы өкүндүрөт. Андагы талаптар боюнча конституциялык реформага бара элек, Кумтөр, Жерүй маселеси чечилген жок. Саясый куугунтукталгандардын ишин кайра карашкан жок. Атамбаевдин иштери боюнча эч кандай жаңы нерсе жок. Өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиевдин кандидатурасын башынан эле жактырганым жок. Өкмөттүн курамы алсыз, чабал экенин бир жыл мурун айтып чыкканбыз. Убакыт көргөздү. Кадрдык саясатта өтө чоң каталарды кетиришүүдө. Ошол эле башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовду шайлаганы да кейитет. Өзүнүн көз карашы жок, чечкинсиз. Саясый куугунтуктагылардын иши кандай абалда – баары көрүнүп турат. Апрель айынын аягы же майдын башында экинчи чоң курултайыбызды өткөрөбүз. Ошол жерден мурунку курултайдан каралган маселелер боюнча азыркы бийликке бир топ суроо-талаптар коюлат. Талаптардын аткарылышы көзөмөлдөнөт. Мунун баары мамлекеттин кызыкчылыгы. «Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат» дегендей, акты-көктү көргөндөрдүн сынын туура кабыл алуу зарыл.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: