Жогорку Кеңешке депутат болуп келсе эле тантып сүйлөө деген жалпы оору жугабы, айтор, ким билсин, биссимиля дегенде эле ботокстон баштаган КСДПчы депутат Аида Касымалиева дагы бир акылсыз ойду балп этти.
Аиданын айтымына карасак, быйыл 1-июнь балдар күнүн майрам катары өткөрбөй, анын ордуна баарын мектепке айдап келип, коопсуздук боюнча сабак өтүш керек экен. Анткени акыркы убакта балдар ар кандай кырсыктардан көп жабыркап, кичүү муунду ар түрдүү кырсыктардан сактанууну үйрөтүшүбүз керек экен.
Айланайын Аида! Андай сабактар мектептерде сен экөөбүз айтпасак деле бир жумада бир өтүп турат. Балдар эмес, чоңдор айбан болуп, эрежелерди сактабай, коопсуздукту балдарга камсыз кылып бере албай атпайбы! Өйдө-төмөн сүйлөгөн кем акыл депутаттар Жогорку Кеңеште отурса, өкмөт башчыбыз менен өкмөттүн кейпи тигил болсо, өлкө башчыларыбыздын бир гана баш оорусу – бийликти сактап калуу болуп жатса – балдарыбыз ушинтип кырыла берери турган иш.
Сен оболу ишинди ошондон баштасаң болмок. Ал эми эзелтен бери майрамдалып келе жаткан балдардын жалгыз майрамына тийишпе. Кырсыктан сактан деп миң үйрөтсөң да, алардын ден соолугуна, өмүрүнө биз, чоңдор гана жоопкерчилик ала алабыз. Ботокстун деңгээлинен көтөрүлчү, айланайын, журналист журтчулугун уят кылбай…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ