Бүгүн, 16-ноябрда КСДП парламенттик фракциясынын жыйнында Кыргызстандагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү каралды.
Өлкө аймагында жолдордун абалы, курулушу жана оңдолушу боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасап, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, финансы министри Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жооп беришти.
Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 34 миң чакырым жол бар. Анын 18 миң чакырымы Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында. Ар жыл сайын республика аймагындагы жолдорду оңдоп- түзөп, салууга 4 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.
Рейтинг боюнча коррупциялык көрүнүштөр көп катталган орган Транспорт министрлиги болуп жатканын айткан депутат Рыскелди Момбеков прокуратура органдары жол тармагындагы мыйзамсыз иштер боюнча иштерди козгоп жатканы менен эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн сынга алды.
Фракция лидери Иса Өмүркулов ар жыл сайын республикалык бюджеттен дагы, сырткы инвестициялардан дагы жол тармагына көп каражат бөлүнөрүн, ага сырттан компаниялар келип жол салып, оңдоп жатканын айтып, “Биз улуттук жол компанияларын түзүп, аларга артыкчылык берип өстүрүшүбүз керек”,– деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ