Menu

Жалал-Абадда “каникул” рейди өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын жүрүм-турум аракеттерин каникул учурунда көзөмөлгө алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралу шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Салтанат Алтынбекова билдирди.

Анын айтымында, каникул учурунда мектеп окуучуларынын арасында укук бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча атайын иш-чаралар жүрүп, Жалал-Абад шаардык мэриясы, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетпеген өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери чогуу “Каникул” аталышындагы рейд өткөрүштү.

-Мындай иш-чаралар жыл сайын каникул учурунда уюштурулуп келет. Балдардын укугун коргоо жана алардын арасындагы укук бузуу фактыларынын алдын алуу үчүн мындан башка да чаралар көрүлүүдө. Азыр биз оор жумушка тартылган жаш өспүрүмдөрдү каттого алып, алардын укуктарын коргоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектеп администрациясына кабарлап, андан аркы аракеттерди талкуулоо иштери жүрүп жатат, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: