Menu

Генерал Суваналиев курултайчылардан деңгээлине түшкөн жок

Бөлүшүү:

8-октябрда өтө турган бийликке каршы чыккандардын Курултайына чыныгы оппозиционерлер Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуев катышпай турганы белгилүү болду. Себеби, бул жыйындын башында тургандардын эмне максаты бар экени ачыкталууда. Конституциянын өзгөрүүсүн шылтоолоп, нааразычылык билдирүү таризинде Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова ж.б. саясатчылар элдин астында упай алуу жагынан кадам ташташмакчы. Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликте отурганда “хоп майли” дегендей иштешип атышып, анан кызматсыз калышканда эски обонду созуу менен Курултай уюштура калышканын эл деле байкап турат го. Кайрадан папке талашуу, бийликке келүү амалдары менен ойной башташты. Дал ушундай тар кызыкчылыктан бийик болуп, генерал Суваналиев баштаган оппозициянын бир бөлүгү элди адаштыруу жолуна барышпаганы кубандырат. Айтмакчы, Алмазбек Атамбаев ооруп калгандан кийин “Комиссар Катани” мурдагы позициясын жумшартып, жигитчилик кылуу менен президенттин мөөнөтү бүтүп баратканда эрегишүүдөн бийик болуп, конструктивдүү жолду тапдап алыптыр. Билесиңер да, мурда Өмүрбек мырза Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери катары күрөшүп жүргөндө, азыркы УӨ мүчөлөрү “майлуу” кызматтарда отурушпады беле? Аларга элдин кызыкчылыгы эми керек болуп калганбы?..

 Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: