Menu

Өзбекстанда салык инспекция башчысынын кызматкерин сабаганы жазылган видео тарады

Бөлүшүү:

Жизак шаардык салык инспекциясынын башчысы кол алдындагы кызматкерди бутка тээп, төшкө чапкан учуру тартылган видео тарады. Тасма “Азаттыктын” өзбек кызматына 29-апрелде жөнөтүлгөн.

Радиого кайрылган салык инспекция кызматкери атын атабоону өтүнүп, окуя былтыр ноябрь айында Жизак шаардык салык кызматынын имаратында болгонун айтты. Анын билдиришинче, 34 жаштагы салык инспекциясынын башчысы Аббасхан Ваккасов жумушка мас абалында келип, ага инспекторду эки жолу тээп, төшкө, бетке урган.

Видеожазууда кызыл камчы аткаминердин кылыгына бир нече киши күбө болгонун көрүүгө мүмкүн. “Аббасхан Ваккасов салык боюнча план толтурбаганы үчүн ага инспектор Олим Закировго күч колдонгон», – деп айтат видеонун автору.

30-апрелде “Азаттыктын” өзбек кызматы телефон аркылуу Жизак шаардык салык кызматынын ага инспектору менен байланышты. Ал 2017-жылы болгон окуяны дароо эстеди. Бирок жетекчиси тарабынан сабалганын четке какты. “Ал мени урган жок, бул жөн эле тамаша болчу”, – деди Закиров.

Жизак шаардык салык инспекциясынын башчысы Аббасхан Ваккасов ага инспектор Олим Закировго кол көтөргөнүн моюнуна алган жок.

Жизак шаардык салык инспекциясынын атын атагысы келбеген инспекторунун айтымында, Аббасхан Ваккасаов “чоң муштум” жетекчи, акыркы алты айда кол алдындагыларды эки сапар сабаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: