Келаткан ишемби күнү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтөрү тууралуу кеп болууда. Ага төгөрөктүн төрт бурчунан эл келип, күздөгү президенттик шайлоодо кимди колдоору тууралуу айтылат экен. Узун кулактардын айтымында, парламентеги «РАЖ» фракциясынын лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду президенттик орунга жылдырууга арналган курултай максатына жетеби? Башкалардын баары съезд менен аттанып жатканда, Өмүрбек мырзанын Элдик курултайдын чечими менен президенттикке чыгышы эле бир топ нерседен кабар берип турат. Атагынан ат үрккөн аксакалдардан тартып, жалын жүрөк жаштарга чейин жапатырмак колдоого алышып, «күзгү аламан күрөштөгү баш байгени куржунга салабыз» деп жатышат экен. Болсун, болсун, «күч атасын тааныбайт» дейт эмеспи элибизде. Анүстүнө, эл арасында да «дал ушул Бабанов жеңишти камсыз кылат» деген пикир басымдуу болуп турганы жашыруун эмес.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ