Menu

Октябрь айына болжолдуу күтүлгөн аба ырайы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттигинин гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгы  2016-жылдын октябрь айында Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы маалыматы тааныштырууда. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1º жогору болуп, Чүй Талас өрөнөдөрүндө 10…12° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 6…8° болушу күтүлөт. Айдын биринчи жана экинчи  он күндүктөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, үчүнчү он күндүгүндө түнкүсүн -3…-5° үшүк жүрүшү мүмкүн. Айдын ичинде абанын күндүзгү температурасы 13…18° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан арбын жаашы күтүлөт (37-44 мм, тоо этектеринде 23-26мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 11…13°, тоо этектеринде  8…10° жылуу болушу күтүлөт. Айдын биринчи жана экинчи  он күндүктөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп түрүшү, үчүнчү он күндүгүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн. Айдын ичинде абанын күндүзгү температурасы 15…20° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (15-44 мм, тоо этектеринде 53-92 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 7…10° жылуу болушу күтүлөт. Айдын биринчи жана экинчи он күндүктөрүндө абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуу болуп, айдын үчүнчү он күндүгүндө 1…3º суукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 15…20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (4-26 мм, чыгышында 36-55 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1…2° жогору болуп, 6…8° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5°  сууктан, 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз 10…15° жылуулуктан  18…23° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ат-Башы, Кочкор жана Ак-Таала райондорунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3° суук …2° жылуулуктан 4…9° суукка чейин өзгөрүлүп, күндүз 6…11° жылуулуктан  12…17° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (8-16 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада жакын болуп, 0…1° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын түнкү температурасы 0…5° сууктан 8…13° суукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 0…5° жылуулуктан, 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (24-26 мм).

 Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын түнкү температурасы 0…5° сууктан 7…12° суукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 2…7° жылуулуктан, 12…17° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (24-26 мм).

 Эскертүү: ай ичинде абанын температурасынын жана жаан-чачынды болжолдоосу аба ырайынын күн сайын 24-72 саатга түзүлгөн болжолдоосу жана 96-120 саатга алдын ала болжолдоолору менен тактаалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: