Бишкек ТЭЦти модернизациялоого карата козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган «Электр станциялар» ишканасынын мурунку жетекчиси Узак Кыдырбаевдин ордуна Аскар Эшимбеков дайындалды.
Эшимбеков 1962-жылы 1-октябрда төрөлгөн. Билими жогорку, техникалык энергосистемасында 33 жылдан бери эмгектенген. Ал алгачкы эмгек жолун Ош шаарындагы ЖЭБде баштаган. Буга чейин ал «Түндүкэлектр» ААКсын жетектеген. Коомчулукта энергетика тармагын майкандагандардын бири катары аты аталып жүргөн Эшимбековдун «Электр станцияларга» жетекчи болуп келишин сынга алгандар көп. Башкача айтканда, «жоктон тапкансып, башка кадр калган эмеспи» деген пикирлер арбын айтылууда…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ