Menu

Өкмөт: “16 миң га жердин “Кумтөргө” берилгени тууралуу маалымат – калп!

Бөлүшүү:

“Сары-Чат – Ээр-Таш” мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты “Кумтөр” долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат боюнча Өкмөт үн катты. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарларга ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Сөз болуп жаткан 16 миң га жер “Сары-Чат – Ээр-Таш” коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Буга байланыштуу баарыңыздарды ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырам. Ошону менен бирге Кыргыз Өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет”- дейт Чыңгыз Эсенгулов.

Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты Кумтөр Голд Компаниге 1997-жылы берилген. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда ЖЕР маселеси тууралуу каралган эмес жана СӨЗ да болгон жок (Юстиция министрлигинин сайтынан жана ТОКТОМ базасынан келишим менен таанышсаңыздар болот). Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 млн доллардан дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы Өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок” -деп жазылат билдирүүдө.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: