Menu

Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев Кой-Таш окуясы боюнча мурун тергөө менен түзгөн келишиминен эми баш тартты

Бөлүшүү:

“Мен өзүмдүн актыгымды ачык жана акыйкат сотто далилдөөгө мүмкүнчүлүк болгондуктан, тергөө менен келишимден баш тартууну чечтим” – деп билдирди бүгүн, 30-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу Амантур Жамгырчиев пресс-конференцияда.

Анын айтымында, ал тергөө учурунда күбө катары берген көрсөтмөлөрүнөн тайбайт.

“Мен буга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров келечекте бардык саясий кылмыш иштери ачык жана таза болот деп айткандан кийин келдим. Мен өзүмдүн күнөөсүз экенимди ачык сотто далилдөөгө даярмын”, – деп түшүндүрдү Жамгырчиев.

Ал президенттин м.а. Жапаровдон жана сот органдарынан Кой-Таш окуясында ага жана башка айыпталуучуларга карата ачык сот ишин камсыздоону өтүнгөнүн белгиледи.

Жамгырчиев буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков, УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаев жана мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев саясий оппоненти Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын жок кылуу максатында атайын операцияны мыйзамсыз жана туура эмес уюштургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жамгырчиев 2019-жылдын 7-8-августунда болгон Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучу катары өтүүдө. 9-августта ал барымтага алуу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча шектелип камакка алынган. Ал бир нече ай СИЗОдо отурган, андан кийин тергөө иштери менен келишим түзгөндүктөн, 2019-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен тергөө абагында камактан бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: