Menu

Монголиянын Жогорку Хуралынын депутаттары канадалык Centerra Gold компаниясына Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксат бербей койду

Бөлүшүү:

2016-жылдын башында канадалык “Centerra Gold Mongoia”  алтын кен иштетүүчү компаниясы Монголиянын өкмөтү Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксаат берүүдөн баш тартса аларды эл аралык арбитраждык сотко берерин билдирген. Бул тууралу Mongolnov агенттиги билдирген.

Канадалык фирма Монголияда 10 жылдан ашуун убакыттан бери “Boroo Gold” компаниясы аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул убакыт ичинде Бороо алтын кениндеги алтын толугу менен казып алынган жана 2 жылдан бери аталган алтын иштетүүчү компания келечектүү Гацуурт алтын кенин иштетүүгө макулдук алуу үчүн Монголиянын өкмөтүнүн чечимин күтүп келген.

Экологдор, археологдор жана айрым бир саясый жана коомдук ишмерлер бул алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан.

Археологдор аталган жерде Хунну дооруна таандык экспонаттар табылганын билдиришкен. Экологдор болсо эгерде бул жерде алтын өндүрүлө баштаса дарыяларга жана токойлорго өтө чоң зыян тийерин айтышкан.

2018-жылдын январынын биринчи декадасынын башында Монголиянын Жогорку Хуралынын депутаттары канадалык “Centerra Gold” компаниясынын жетекчилиги Монголиянын өкмөтүн эл аралык сотко берип,  миллиондогон доллар айыппулга жыгабыз деп “опузаплап жана коркутуп” жатканына терең нааразычылыгын билдиришкен. Ошондон улам Монголиянын парламенти канадалык “Centerra Gold Mongolia” компаниясына Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун колдобой койгон.

2018-жылдын 1-январында Монголиянын өкмөтү канадалык компанияга Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу боюнча акыркы чечимин кабыл алат.

2018-жылдын 13-октябрында “Centerra Gold inc” компаниясы өзүнүн Монголиядагы бөлүмүн сатыкка койгонун жарыялаган, анын ичинде “ООО Boroo Gold” шахтасы,  иштетүүчү ишканасын, ошондой эле “Gold Project Gold” ишканаларын.

Сингапурлук “OZD” компаниясы Centerra Gold inc компаниясынын монголиялык Boroo Gold жана Centerraa Gold Mongolia бөлүмдөрүн 35 миллион долларга бардык акцияларын жана карыздык милдеттерин сатып алган.

Бул жерде сөз Монголиянын Бороо жана Гацуурт алтын кендери тууралу жүрүп жатат.

Centerra Gold inc компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу жетекчиси Скотт Перринин билдирүүсүндө, Монголиядагы бизнес-бирдиктин сатылуусу компаниянын актив баштыктарынын сапатын жогорулатууга карай сапатуу кадам болот жана башка юрисдикцияларда дагы, мисалы Канада менен Түркиядагы долбоорлорго ийгиликтүү ишке ашырууга  жана өнүктүрүүгө жардам берет.

Монголиядагы кендердин сатылуусунан кийин канадалык “Centerra Gold компаниянын активинде Кыргызстандагы “Кумтөр” жана Канададагы “Маунт Миллинг” кендери гана калды.

Туркиядагы Оксут алтын кенинде иштер баштала элек. Азырынча алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна  Европа Өнүктүрүү Банкынан кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Канадалык “Centerra Gold компаниясы кирешени негизинен Кыргызстандагы “Кумтөр” алтын кенинен табууда.

Скотт Перринин айтымында, “Кыргызстанда жайгашкан “Кумтөр” алтын кени “Centerra Gold Inc” компаниясынын эң чоң активи болгону менен приоритеттүү ишканаларынын катарына кирбейт жана андан көз карандылыкты азайтуу үчүн бүгүнкү күндө Centerra Gold өзүнүн ишмердүүлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтууда. Акыркы эки жыл ичинде компания Канадагы эки чоң кен иштетүүчү ишкананы – 1 млрд. 100 млн долларга «Thompson Creek»  жана  310 млн долларга «AuRico Metals» ишканаларын сатып алган.

Бул сатып алуу жөнүндө Скотт Перри сөз кылып жатып, мындан ары “Centerra Gold Inc” компаниясынын активдеринин жарымы Канадада болорун билдирген. “Мен ойлойм, биз канадалык фирманы эң жакшы жол менен өзгөрттүк”, – деп айткан ал.

Centerra Gold  компаниясынын акцияларынын 26,6% ээлеп турган Кыргызстан, Монголиядагы активдеринин  35 миллион долларга сатылган компаниянын жалпы баасынан 9 миллин 310 миң доллар алуусу керек.

Кыргызстандын “Кыргызалтын” компаниясынын жетекчилиги бул боюнча пикирин билдирүүдөн жаа бою качууда. Алар баштарын алтын байытуучу цианид пульпасына салып алышса керек, же жогорудан буйрук түшө элек.

КР Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттары 2017-жылдын 16-ноябрында канадалык “Centerra Gold Inc” компаниясына Кумтөрдөгү “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүнөн алтын казууга уруксат беришкен. Ал мөңгүлөр түбөлүк тоңуп турган зонага кирет. Бул кадамы менен депутаттар кыргыз элинин түбөлүк улуттук мурасына кол салышкан.

КРнын өкмөтү канадалык компания келишимге ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттерин аткаруу мөөнөтүн дагы бир жолу, 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартып берди. Аталган келишим 2017-жылдын 11-сентябрында Сапар Исаков баштаган өкмөт жана Скотт Перри баштаган Centerra Gold Inc” компаниясы ортосунда бекитилген.

Улуу Чынгызхандын урпактары 2018-жылдын 8-ноябрында анын 856 жылдыгын белгилешти. Алар  улуттук коопсуздукту, көчмөн элинин чыныгы намысын кээ бир Монголиялык аткаминерлердин жана Канадалык инвесторлордун арам ойлорунан алда канча жогору коюшту.

Монголиянын Жогорку Хуралынын депутаттары Канаданын “Centerra Gold Inc” компаниясынын опузаларына жана коркутууларына моюн сунушкан жок.

Улуу Манастын урпактары,  биз жылтыраган сары темирге, байлыкка азгырылып, чет элдик “жеп ичерлерге” Мекенибиздин улуттук байлыгын тонотууга жол беребизби?

Расул Умбеталиев, ОЭК (отун энергетика комплекси) боюнча эксперт

Кыргызчалаган KyrgyzToday   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: