Menu

КР ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: “Өлкөлөр ортосундагы биримдиктин келечеги жаштардын учурдагы байланышына көз каранды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Панфилов районунун Жарты-Кайыӊды капчыгайында уюштурулган “Жаш-Булак” жаштардын агартуу форум-лагерине болду. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жаштар менен болгон жолугушууда Төрага Чыныбай Турсунбеков эки жылдан бери уюштурулуп жаткан форум-лагердин мамлекеттер аралык достукту чыӊдоодогу мааниси жогору экенин белгилеп: “Жакында эле Жогорку Кеӊештин колдоосу менен Ысык-Көлдүн жээгине КМШга мүчө мамлекеттерден келген мектеп окуучулары эс алып, маданиятыбыз менен да таанышып кетишти. Эми минтип бир нече мамлекеттерден келген студенттердин тоо койнунда эс алуу менен бирге, өз ара тажрыйба алмашып жатышы жакшы көрүнүш. Анткени, “Жаш-Булак” форум-лагери жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү менен жарандык позициясын жөнгө салууга багытталган иновациялык аянт болуп эсептелет. Айрыкча, бири-биринин маданияты жана салт-санаасы менен да таанышууга шарт түзгөн мындай иш-чаралар жаштардын келечеги үчүн өтө зарыл”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Төрага баардык ийгилик талыкпас эмгектин арты менен келерин белгилеп, келечек ээлерин жакшы окуп, изденүүгө чакырды. “Дүйнөдөгү тынчтык мамлекеттер аралык тыгыз кызматташтыктан калыптанат. Ал эми өлкөлөр ортосундагы биримдиктин келечеги, жаштардын учурдагы байланышына көз каранды. Андыктан, келечек ээлери катары силер да достошуп, билгениӊерди бири-бириӊерге үйрөтүүгө аракет кылгыла. Анткени билим гана адамды эрезеге жеткирип, жалпы элди жакшы турмушка жетелейт”, – деп, Чыныбай Турсунбеков форум-лагерге Төраганын жеке фондунан акчалай жардам көрсөттү.

Андан соӊ, лагердин шарт-жагдайы менен таанышып чыккан Төрага жаштар менен бирге олтуруп, алардын бир катар суроолоруна жооп берди. Суроолордун көпчүлүгү Кыргызстандагы парламентаризмдин учурдагы абалы тууралуу болуп, Чыныбай Турсунбеков: “Биз тандап алган парламенттик демократиялык жол – дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүнүн басып өткөн жолу. Буйруса, бийлик менен эл бири-бирине тирек болуп, адилет башкаруунун натыйжасында Кыргызстан да гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулат. Албетте, кемчиликтер да жок эмес, бирок демократиялык багыттан тайбай кадам шилтесек, көздөгөн максатыбызга жетебиз”, – деди.

Мындан сырткары жаштар Чыныбай Турсунбековго саясий жана чыгармачылык өмүр жолу тууралуу да суроо берүүгө жетишишти.

Эске салсак, “Жаш-Булак” жаштардын агартуу форум-лагери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан эки жылдан бери өткөрүлүп келет. Форум-лагерге быйыл 15 мамлекеттен 600гө жакын студент катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: