Menu

Өмүрбек Субаналиев толгон генералдардын ичинен ошол наамга татыктуу адам

Бөлүшүү:

Өмүрбек Субаналиев Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары болуп дайындалды. Билгендердин айтымында Субаналиев орун басар эмес, дал өзү болсо болмок дешет. Биз билгенден Өмүрбек Субаналиев жигит катары да, генерал катары да, саясатчы катары да элдин көзүнө көрүнүп, ошол эл оозунда жакшы деген баага татып келген. Кийинки күндөрү анын дымы чыкпай жүргөн болчу… Субаналиев толгон генералдардын ичинен ошол наамга татыктуулардын бири. Эсибизде, ал Нарын милийсасын башкарып жүргөн кезинде ошол тарапка барып боз үй тигип, чардай турган кримтөбөлдөрдү дыргаяктата кууган. Кийин ошол эле облустун губернатору болуп иштеп турганда жерибизди зордук менен басып ала баштаган  кытайлыктардын чакчалекейин чыгарган! Мамлекетке аткезчилик менен алынып келинген ири көлөмдөгү товарларды кармаган. Чоң кызматтагы адамдардын ортого түшкөнүн урган эмес. Ошондон улам ага “Катани” деген ат берилген. Субаналиев бир ирет Ички иштер министрининкызматын убактылуу аткарган.

Кандай болгон күндө да Субаналиев эч нерседен кайра тартпаган, милийса  ишинин накта профессионалы. Мындай жигиттерди ал-күчтөн тая электе жакшылап пайдаланыш керек…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: