Menu

Каныбек Осмоналиев, профессор, коомдук ишмер: “Үй-бүлөлүк башкаруу фактысы далилденсе – премьер-министр токтоосуз отставкага кеткени оң. Анын башка жолу жок!”

Бөлүшүү:

– Каныбек агай, “Коопсуз шаар” долбоору чын эле премьер-министр мактангандай деңгээлде ишке ашып жатабы?

– “Коопсуз шаар” долбоору – бул жөн эле профанация! Мындай долбоорлорду мамлекетин жана өз борборун сүйгөн элдер эбак эле, эч кандай ызы-чуу кылбастан иш жүзүнө ашырып коюшкан! Мен башынан эле ишенген эмесмин буларга! Анткени, ар бир дүңкүлдөтүп баштаган иш сөзсүз коррупция менен байланышып калбадыбы! Биздин кошуналар (алыскы өлкөлөрдү айтпай эле коёлу) коопсуздук долбоорлорунун 3-4 этаптарын аткарып коюшту. Биздикилер болсо, бир нече видеокамераларды илип алышып, элдин башын айлантып, мактанып жүрүшөт! Уят, бет деген калбады го?

– Жол боюна орнотулган видеокамералардан айдоочулар сактанып айдап, эрежелерди сактап, кырсыктар азайды дегенге кошуласызбы?

– Өзү мындай долбоор керек! Бирок, муну ыкчам жана сапаттуу жасаш керек болчу. Бул жакшы ишке биринчи болуп, ошол эле тартипти сактоочу органдар саботаж кылып жүрүшкөндөй! Болбосо эмнеге иш кечеңдеп келди? Азыр кеч болсо дагы видео камералардын орногону айдоочуларды бир топ тартипке салып койду. Кыргызстандыктар катуу тартипти гана каалашат. Болбосо көрдүк го, кандай башаламандык болуп, жол кырсыктары көбөйгөнүн? Эми ушул ишти шаардын сыртына, керек болсо шаарлар аралык трассаларга тез жайылтуу керек. Кошуналарыбыз бул иштерди даңаза кылбай эле бир нече жыл мурун жасап коюшкан!

– Каныбек агай, 6 жылдан кийин жанданган Батукаевдин иши боюнча мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Аял кишини качып кетет деп кооптонуштубу же чындап эле Батукаевдин чыгышына медиктердин күнөөсү чоңбу? 

– Өтө коркунучтуу күнөөкөр Батукаев Кыргызстандын сот, прокуратура органдарынын абийирлерин айрандай төгүп кетти! 2013-жылы эле бул шерменде иш ачылганда көпчүлүк жарандар, бул иш чектен чыккан наадандык, бийликтин алсыз жана арсыз саткындыгы катары баа берип коюшкан. Мен анда депутат элем. Ошол кезде кээ бир саясатчылар, чиновниктер Батукаевга адвокат болушуп, буттары үзүлгүчө чуркап жүрүшкөн. Байкап отуруп мен абдан жийиркендим эле! Ал турсун Башкы прокуратуранын жетекчилери, омбудсмен, кээ бир жасакер жана алдамчы депутаттар биригип алышып, канкор деп аталган Батукаевди
“азыр эле өлүп калышы мүмкүн, оорусу күч жана аргасыз” деп көздөрүн жашылдантып ыйлакташкан. Мени таң калтырганы – ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри дагы бандитке жан тартып жүргөн. Эми абакка тартылып отурат. Тообо дейли! Батукаевдин ишинин айынан көптөгөн “азаматтар” дагы камалышы мүмкүн. Анткени, бул жерде эбегейсиз чоң акча пара катары алынганын жаш баладан карыган адамдарга чейин эле айтып жүрүшөт. Ошондуктан тергөө органдары кылмыш фигуранттары катары аял-эркегине карабай отургуза баштаганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш! Эң башкы күнөөкөрлөр кармалгыча жана аларга айып коюлгуча, врачтардын кээ бирлеринин абакта отургандары деле түшүнүктүү. Биринчи кезекте өзүлөрүнүн эле керт баштарынын коопсуздугу үчүн. Себеби бул жерде эл аралык кылмыштуу синдикат аралашып отурат. Алар күбө боло тургандардын эч кимисин аяшпайт. Ал эми карапайым мекендештер бийликтин бул чечкиндүү аракеттеринен жакшы үмүттөрдү артып турушат.

– “Зарылбек Рысалиев суракта жүрөгү кармап, жыгылыптыр” деген маалымат кетти. Сурактын сүрү оор болобу?

– Суракты ар бир адам эле жыргап-куунап көтөрө албайт. Андайды эч кимдин башына салбасын. Анан калса мындай өтө оор айыптар боюнча! Зарылбек Рысалиев мырза анча-мынчага моюн берип мүңкүрөп кала турган жан эмес. Биз ал кишинин кайратын жакшы билебиз. Бирок, жүрөктө дарт болсо, этият болгону оң.

– Бийликтегилер жанданган Батукаевдин ишин бетине кармап, мурунку бийликтен өч алууну максат кылып жаткан жокпу?

– Жок! Мен антип ойлобойм. Бийликтин бул кадамын карапайым эл катуу кубаттап эле турушат. Батукаевдин жай баракат чыгып кетиши биринчи кезекте, Кыргыз элинин аброюна сокку болду. Кээ бир бийликтеги акчага сатылган акмактардын айынан. Ошондуктан бул иш эртеби-кечпи козгулушу керек эле. Азыр чечкиндүүлүк менен кайра ачылганына баракелде эле дешибиз керек! Саткын паракорлор татыктуу жазаларын алуулары керек. Болбосо эл өзү көтөрүлөт.

– Батукаевдин иши боюнча дагы кимдер камакка алынышы мүмкүн?

– Прокуратуранын, соттун, абак кызматынын, медицинанын абийирлерин жоготуп коюшкан өкүлдөрүн толук жазалоо керек! Кийинкилерге сабак болсун!

– Неге азыркы бийлик жогору жактын куда-сөөк, бажа, тууган-туушкандарынан бошобой калды?

– Тилекке каршы, мурдагы жаман сапаттар дагы эле уланып жаткандай. Айрыкча өкмөттө. Бул жакшылыкка алып келбейт. Тез аранын ичинде тазаланып, алдыга жылуу керек! Болбосо эл өзү тазалап салат. Азыр адамдар көп нерсеге парасаттык менен мамиле кылып калды. Кудаа-сөөк, бажа дегендер өзүлөрү саясий башчылыкта турган туугандарын эмнеге мыйзам бузуучулуктарга түртүп жатышат, түшүнбөйсүң! Демек, алардын бир эле ойлору бар экен, да? Бийлик турганда талап-тулап калайлы деген. Андай болсо ошол лидер болуп элдин жүгүн аракалап жаткан туугандарынын түбүнө жетишет!

– “Бажасынын баласын 300 миң сомдук айлыгы бар кызматка койгону үчүн премьер-министр отставкага кетиши керек”- дегендер четтен чыга баштады го…

– Эгер айтылган факт далилденсе премьер-министр токтоосуз отставкага кеткени оң. Анын башка жолу жок!

– “Райым-миллион”- “Атамбаев менен курөшкөнгө күчүм жетет” дептир. Аша чаап кеткен жокпу?

– Ал жигит азыр ким өзү? Кандай жооптуу кызматты аркалап турат? Элдин алдында мамлекеттик кандай маанилүү жоопкерчиликти аркалайт? Менимче жообу жок! Ошондуктан интернет аркылуу экс-президентке тигиндей деп кайрылганы одоно болуп калды. Айрыкча өзүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жар салганы туура эмес. Биз эмне, бандиттик өлкөдө жашайбызбы? Бири-бирине болгон дооматтарын элге жарыя кылып, байлыктарын айтып каадаланышпай, экөө тең сотто чечишип алышсын да. Чынында, эл бул экөөнөн тең жадап калышты. Мен ойлойм президент бул иш боюнча чечкиндүү чара көрүп, мындай жагымсыз ажылдоолорду токтотот деп! Элге тынчтык керек!

– Түрк элчисинин муфтият уюштурган ооз ачуудан чыгып кеткени эки элдин мамилесин солгундатып койбойбу?

– Бул өтө эле жагымсыз жорук болду. Биринчи кезекте, муфтият тарабынан. ТИМнен жакшылап консультация алганга аларга ким тоскоолдук кылды? Отуз күндүк орозодо КМДБ дагы бир нече ооз ачырууларды уюштураар! Тигилердин элдешкис душман экендигин эске алып, эки башка күндөргө бөлүп чакырса болот эле да! Туркия биздин маанилүү шериктештерибиздин бири. Ушундай сабатсыз кадамдар көп саясий кризистерге алып келип такап койду. Эми президент өзү баш болуп мамилени кайрадан оңдоп чыгууга же актануу жасоого аргасыз кылып койду! Мунун кимге кереги бар эле, аттиң эле дейсиң!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: