Menu

Бекболот Талгарбеков, саясый туткун: “Атамбаевди 120 миллион сомго сотко берем”

Бөлүшүү:

– Бекболот мырза, апта башында экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде саясый куугунтук, айрыкча сиз жөнүндөгү кебине карата кандай ойдо калдыңыз?

– Экс-президент Атамбаевдин өзүнүн берген маегинде саясый куугунттук боюнча суроого анын жообу төмөнкүчө болду:

«Бекболот Талгарбеков «мамлекеттик төңкөрүш жасайбыз» деп жазып жана маек берип, ачык убада кылган. Аркабызда ФСБнын беш генералы турат деп айткан». Алмазбек Атамбаев бул билдирүүсү менен ал жеке өзү бизди, «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин башында туруп, күч түзүмдөрүнө жана сот органдарына түздөн-түз буйрук бергенин расмий мойнуна алды. Бул чындыкка таптакыр дал келбеген билдирүү боюнча мен сотко кайрылып, Атамбаевден бизди мыйзамсыз каматып, соттоткону үчүн компенсация катары 120 миллион сом төлөп берүү талабын коём. Бул сумма кандай себептен чыкты? Анткени, Атамбаевдин буйругун аткарган прокурорлор бешөөбүздү жалпысынан 120 жылга эркибизден ажыратууну талап кылышкан. Ал эми соттор бешөөбүздү жалпы 60 жылдык мөөнөткө соттошкон. Мүмкүн Атамбаев «кол тийбестик макамым бар» деп соттон качаар. Бирок, мен анын президент кезиндеги жалган айыптоосун сотко берген жокмун. Ал учурда президент эмес. Демек, катардагы атуул катары маегинде айткан «мен чынчыл адаммын» деген сөзүнө туруп, азыр сотто жооп берүүгө милдеттүү. Мен сотто Атамбаевди жеңип чыгарымдан эч шек санабайм. Ал эми андан өндүрүлгөн каражатты кыргыз өкмөтүнүн тышкы карыздарды жоюу фондуна которуп берем.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: