Menu

Курманкул Зулушев, депутат: Ар жума сайын сарайыма барып ат минип, эс алып кайтам

Бөлүшүү:

Мен эс тарткандан ат үстүндө чоңойдум. “Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, менин атам жылкычы болчу. Ошол себептен жан дүйнөм улакка жакын. Улак оюну, анын ичинен торпок улак сүйүктүү оюнум. Кыргыз баласы атты сүйөт, ат таптайт, улакка түшөт. Бул эрдик үчүн эле эмес, ден соолук үчүн да өтө пайдалуу. Тарбиялык жөрөлгөсү да өтө чоң. Улак тартканда, топтошуп калган жердеги аттан чыккан буу жана ошол буу аркылуу дем алуу адамдын ден соолугу үчүн пайдалуу келет. Илгери аталарыбыз улак тартуу учурунда жыгылып калсак, “Аттан жыгылсан, кайра мин, айыгасың” – дешчү.

Көрcө аттын тери, андан чыккан буу дарылайт экен. Мен ар бир жума сайын сарайыма барып ат минип, эс алып кайтам. Менин хоббим ат минүү, улак оюндарына түшүү. Менде азыр үч ат бар. Эң жакшы атым “Обама”. Европадан кулун кезинде келген. Келгенде паспортунда аты “Барак” экен. Балдарым кара ат экен, “Обама” деп атайлы деп “Обама” аталып калган. “Обама” азыр элге аты менен да таанымал болуп кетти. “Обама” көк бөрүгө ылайыкталган ат. Азыр жашы сегизге чыкты. Буюрса алдыда “Обамага” окшогон көп аттарды таптап чыгабыз.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: