Menu

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты: “Азыркы бийлик мурдагы каталарды оңдоп жатат”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, “күз келери менен парламентте коалиция урайт, өкмөт алмашат” деп чуру-чуу түшүп жатышкан. Саясатта эмне өзгөрөт?

– Өкмөт алмашканда эле турмуш оңолуп кетпейт. Стабилдүүлүк баарынан маанилүү. Парламент өз укуктарын сактап, аткарып келатат. Коомдо болуп жаткан нерселердин баарына реакция кылган да парламент. Депутаттар ойлорун айтат. Ар кандай ойлор болот. Иш болгон жерде сын пикирлер болот. Анан сындайт десе эле ботко куя берген болбойт. Биз деле жөн эле жүрген жокпуз. Ар бирибиздин басып өткөн жолубуз, өмүр баяныбыз бар. Кыйынчылыктарды баштан өткөргөнбүз. Мисалы, мен өзүмдү айтсам, тайгак кечүү мезгилдерде үй-бүлөм менен аянтта тургам. Көрбөгөн запкыларды көргөнбүз. Ошентип, Бакиевдин бийлигин кубалаганбыз. Кийинки бийлик келгенде деле жыргаган жокпуз. Өзүмчүлдүк өкүм сүрүп, коом, эл калып калды. Коомго бүлүк салынды. Улум-улам алмаштыра бергенден эмне табабыз? Убакыт берели, иштетели.

– Парламент акыркы сессияга чогулду. Мөөнөтүнүн соңуна чейин иштейби же тарап кетиши мүмкүнбү?

– Менин оюм, аягына чейин иштеш керек. Буга чейинки, Кыргызстандын соңку тарыхындагы өзгөрүүлөрдү көрүп келатабыз. Парламент эки жолу тарады. Иш оңолдубу? Ушунчалык эле эл парламентти сындап, депутаттарга катуу талап коюп атса, анда кийинки чакырылышта тизмени жакшы карап, акча, май-чайга азгырылбай, жүрөгү менен тандашсын, шайлашсын. Шайлап алып, анан өздөрү «койлор», «чимкириктер» деп келеке кылган кантип болсун!

– Кумтөр маселеси кайра көтөрүлүп жатат. Аны эмнеге азыр улутташтырууга мүмкүн эмес?

– Кумтөрдү кууп жибергенге болбойт. Кууп жиберсек, ишенип коюңуз, бизге эч ким ишенбейт. Бүгүнкү күндө Кумтөр менен «Мегаком» бюджеттин киреше бөлүгүнүн эң орчундуу жагын ээлейт. Эгер бөлөк тармактардан кирешени толуктай ала турган болсок, анда жапса болот. Ансыз ураалабай, ызы-чуу кылбай, иштете бергенибиз оң. Кумтөр маселесинде чынында буга чейинки бийликтин түздөн-түз кол салуусу, Акаевдин, Бакиевдин учурунда туура эмес келишимдер болгон. Түздөн-түз тоноо болгон. Азыркы бийлик каталарды оңдоп жатат. Бонустарды көбөйткөнгө аракет кылууда.

– Экиге бөлүнгөн КСДПнын тагдыры кантип атат? Абдрахманов тараптагы КСДПчылар Атамбаев тараптагы КСДПчы депутаттардын мандаттарын тапшыруусун талап кылып чыгышууда…

– Саясатчылар эмне дешсе, алардын ар кимисинин өз эрки. Бирок, партияда бөлүнүү бар экени чындык. Юридикалык жагын сот карап жатат. Чечилсе, андан кийин кайсы тарабы мыйзамдуу, кимиси мыйзамсыз экенин айтканга толук мүмкүнчүлүк болот. Ал эми «мандаттарын тапшырышсын» деп балким туура айтып атышкандыр. Бирок, кимдер тууралуу айтышкандарын укпаптырмын.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: