Menu

Фото – Чокморов шыктандырган Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, волейболчу, полковник Асаналы Курманбеков

Бөлүшүү:

Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына карата

Адамдын кадыр-баркы, наркы мезгилдин сыноосунан,жылдардын элегинен өтүп,кылган иш-аракеттеринин үзүрү менен, кашыктап чогулган талыкпас зор эмгектин натыйжасында түптөлөт эмеспи. Бирге иштеген чөйрөгө, жамаатка гана эмес, ар тараптуу таланты менен бүтүндөй өз калкына, ал тургай чет элдиктерге да таанымал болуу оңойго турбасы айтпаса да түшүнүктүү. Зор  кадыр-баркка татыктуу замандашыбыз, волейбол боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, ИИМдин “Динамо” спорт коомунун ардагери, учурда ардактуу эс алуудагы запастагы полковник Асаналы Курманбеков агай дал ошондой ардактуу адамдардын бири. Учурда анын шакирттери, окуучулары кадырлуу полковник, генерал, спорт чебери наамдарына татыктуу болуп, жетекчилик кызматтарда турган адамдар болду. Алардын бардыгы тең өздөрүнүн жетишкен ийгиликтеринде сөзсүз түрдө Асаналы Курманбеков агайдын эмгеги, салымы бар деп эсептеп, аны устатыбыз дешип сыймык менен айтып жүрүшөт. 

Жетим дагы жетилет

Асаналы Курманбеков 1942-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Бир жашында атасы каза болуп, аталык мээримди көрбөй өскөн. Бир тууган эки агасы да Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калышкан. Өзү Бишкек шаарындагы №1 жатак-мектептен билим алып, спортко ышкыбоз алдыңкы окуучулардан болгон. Ошол учурдагы белгилүү волейболчу, таанымал жеңил атлетчи Тобокел Мамыровду кумир тутуп, аны менен таанышууга дилгир болот. Ал учурда Тобокел Мамыров кыз-келиндер педагогикалык институтунда иштеп, жеңил атлетикага басым жасап турган чагы эле. Асаналынын  шырыктай узун боюуна кызыгып,жеңил атлетика менен машыгууну сунуш кылат.Көңүл түпкүрүндө волейбол оюну биринчи орунда тургандыктан кыздар менен бирге чуркап машыгууну анча жактырбады. 

Волейболго болгон сүйүүнү ойготкон Сүймөнкул Чокморов

Даңазалуу кино актер,волейбол спорт чебери Сүймөнкул Чокморов айылдашы болгондуктан жана бала чагынан бирге волейбол ойноп жүргөндүктөн Асаналыны спорт дүйнөсүнө кызыктырып, машыктыруучу Владимир Дитеркис менен жакындан тааныштырат. Жатак мектепте окуп жүргөн 9-класстын окуучусу чагында 1959-жылы эле устаты В. Дитеркис Асаналы жаштыгына карабай келечеги кең экенин баамдап, аны өлкөнүн тандалма командасына мүчө катары кабыл алган.

Жарым жыл машыгуудан кийин Алматы шаарындагы турнирге катышып, кыргызстандык уландар казактарды баш кылып, Орто Азиянын командаларын утуп алып, алгачкы ийгиликтин ээлери болушту. Кийинки жылы Тажикстандын Сталинабад (азыркы Дүйшөнбү) шаарында өткөн мелдешке барышып, жеңишке жетишти. 15 жаштагы Асаналынын чеберчилигин баамдаган адистер аны  чоң эр-азаматтардын тандалма командасына мүчө болушун сунуш кылышты. 1959-жылы Кытайда өткөн эл аралык мелдештен баштап өлкө намысын коргоду. Андан кийин бир топ чет өлкөлөргө барып, далай жеңиштердин ээлери болушту. Ал мыкты волейболчулар Валерий Касин, Эркин Акунов, Алексей Полторацкий, Станислав Дендеберов, Александр Долженко, Петр Тонких жана башкалар менен тагдырлаш болуп, алар менен бирге машыгып, бир үй-бүлөдөй ынтымакта команда болуп Кыргызстандын намысын коргоду. Ага зор ишеним көрсөтүлүп, 8 жыл Кыргызстандын волейбол боюнча тандалма командасынын капитаны болду. 

Каймана аты “Чагылган” эле

Учурунда Асаналы агай тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында, гезиттерге чыкккан макалаларды барактап отуруп, спорт күйөрмандары арасында сүйүктүү, кадыр барктуу волейболчу катары таанылганын баамдадым. Спорт адистери да анын чеберчилигине жогору баа беришип, 12 ирет өлкө чемпиону болгонун, СССР элдеринин Спартакиадасына үч жолу катышканын, “Динамо” спорт коомунун көп жолку жеңүүчүсү болгонун сыймык менен айтып беришти. Ал Кытай, Тунис, Камбоджа, Монголия өлкөлөрүндө өткөн эл аралык мелдештерде мыкты оюнчу катары таанылган. Асаналы Курманбеков 1964-жылы СССРдин спорт чебери деген ардактуу наамга арзыган. 

-Асаналы команданын чыныгы дем берүүчүсү, нака лидери эле. Ал оюнду көркүнө чыгарып, жан киргизип турчу.Пас бергенде тордун үстүнө топ конуп калгандай сезилчү. Абдан шамдагай,бүркүттөй алгыр эле.  Аны “Чагылган” деп тамашалап койчу элек. Баш аягы он төрт жыл тандалма команданын катарында ойноду. Ички иштер, коопсуздук тармагына кетип калбаганда мыкты устат, спорт ишмери болмок, -дейт учурунда аны менен бирге ойногон Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы, ардагер волейболчу, СССР спорт чебери Сүйөркул Чокморов.

Кечээки полковник, аксакалдар кеңешинин төрагасы 

1966-жылы ИИМдин “Динамо” командасында ойноп жүргөн учурунда ички иштер органында эмгек жолун баштап, кийинки турмушундагы бийик карьераны түптөгөн алгачкы тепкичти басып, кийин мамлекеттик коопсуздук кызматында жигердүү иштеген. Анын бул тармактагы иш-аракеттерин, ишмердигин айта берсек узун сабак аңгеме болоор… 1971-жылы  29 жашында чоң спорт менен коштошуп, мамлекеттик коопсуздук кызматында 25 жыл иштеп, полковник чини менен ардактуу эс алууга чыккан. Эс алууда жөн жатпай Чоң-Таш айылдык аксакалдар кеңешин жетектеп, демилгелүү иш-аракеттердин башында турду. 

Актердук, ырчылык таланты

Кийин бир нече кино тасмага актер катары тартылып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып,аксакалдык кеп-кеңештерин айтып, мурда ачылбай көмүскөдө калган талантынын бир өңүтү да ачылды. Белгилүү кинорежиссерлор Г.Базаров, Э.Абдыжапаров жана Д.Абдыкеримовдун (“Влюбленный вор”, “Нонсенс”, “Отец”,”Саякбай” жана башка) бир нече көркөм тасмаларына актер катары тартылган.  Мындан тышкары бала кезинен сүрөт тартууга кызыккандыктан колуна кыл калем алып, живописке да көңүл буруп, бир нече картиналарды жаратты. Ошондой эле обон созуп ырдап, “Кош жылдыз” музыкалык долбоорунун лауреаты да болгон.  

Спорт-бул жашоо, ден соолук, арман, рахат, мээнет  

       -Чынында, спорт – бул жашоо, спорт – бул нервтердин жогорку чыңалуусу, спорт – бул өмүр, ден соолук жана рахат. Сырттан карап турган киши “жыргап ойноп атат” деши ыктымал. А ичинен баардыгы андай эмес. Уйку канбайт, тамакты тоё жебейсиң. Ар мелдеш сайын денеңден жаракат аласың. Көкүрөгүң менен полго сүрүлөсүң, чыканагың ооруксунат, тизелерден тамтык калбайт. Үй-бүлө ар дайым экинчи-үчүнчү планда калып, эл намысы биринчи орунга чыгат. Машыгуу, сбор, эл аралык мелдештердин айынан үйгө токтобойсуң. Сүйүктүү жарың менен маңдай-тескей отуруп чай ичпейсиң. Спорт – бул арман, мээнет чегүү, кыйналуу жана жеңиштүү көз ирмемдер… Эгемендүү өлкө болгону Кыргызстандын волейбол федерациясын бир нече спорт ишмери жетектеди. Алардын ичинен кыргыз волейболун Азиялык, дүйнөлүк аренага таанытып, волейболду улуттук оюнга айлантып, кеңири жайылтууга барандуу салым кошкону учурдагы федерация президенти Элмурза Сатыбалдиев болду. Ага жана анын команда мүчөлөрүнө ардагерлердин атынан ыраазычылык билдирем жана бардык волейбол күйөрмандарын 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм, -дейт СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын 12 жолку чемпиону Асаналы Курманбеков. 

Кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан учурда   ИИМдин “Динамо” спорт коомунун ардагери, полковник Асаналы Курманбеков 77 жашка толуп,  жигиттердей дале алдуу-күчтүү, шайдоот, сергелең. Телегейи тегиз төп келген мындай асыл адамдардын саны суйулбай, өмүр жолу жаштарга, волейболчуларга өрнөк болсун деген гана тилек.

“Кыргыз тудей” маалымат сайтынын жамааты дагы Кыргыз волейболчуларын 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, спорттук ийгиликтерди, жеңиштерди каалайт.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: