Menu

ЖЭБдин иши боюнча сот чечимине кандай пикир айта аласыз?

Бөлүшүү:

Жылуулук энергетикалык борбордун иши боюнча сот чечимине кандай пикир айта аласыз?

Аалы Карашев, КСДП фракциясынын депутаты: “Соттун чечимин туура же туура эмес деп айтканга акыбыз жок”

—Бишкек Жылуулук борборун оңдоп-түзөө ишиндеги кемчиликтерди 1,5 жылдан ашуун укук коргоо органдары иликтеп, тергөө иштерин жүргүзүп, ишти сотко өткөргөн. Соттук териштирүүдө баардык тараптардын пикири ачык угулуп, ар биринин жүйөсү келтирилип, дооматтары айтылып, аягында чечим чыгыптыр. Биз эми соттун чечимин туура же туура эмес деп айтканга акыбыз жок, ага макул болушубуз керек, моюн сунушубуз зарыл. Соттун чечими кээ бирөөлөр айткандай саясий өңүттө болгон жок, чечимге ишенишибиз керек. Соттор да асмандан алып бүтүм чыгарбайт, өз жоопкерчилигин сезип өкүмүн чыгарды деп эсептейм. ЖЭБди изилдөө боюнча комиссиянын курамында мен да болгом, кимдердин аралашканы боюнча негиздүүко-рутундубузду бергенбиз. Эксперттер эсептөөлөрдү жүргүзүп мамлекетке 111 миллион долларлык зыян келгенин аныкташкан. Эң негизгиси ошол каражатты казынага кайтартса жакшы иш болмок.

Искендер Гаипкулов, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты: “Бул жерде саясат жок, жооптуу кишилер жазасын алышы керек”

—ЖЭБдин ишин тергөө органдары ачык-айкын жүргүздү, келтирилген зыян соттук процессте ачык айтылды. Оңдоп-түзөө үчүн алынган кредиттен мамлекет 111 миллион зыян тартканын Эсептөө палатасы, мамлекеттик органдар толугу менен карап чыгып, экспертизанын нсгизинде тактады, соттун чечими чыкты. Аппеляция берилип калса шаардык соттун чечими чыккандан кийин күчүнө кирет. Албетте, күнөөлүүлөр табылды, алар соттолду. Бирок, башкы маселе жоголгон акчаларды кайдан табабыз, кимден өндүрөбүз, кредитти кыргыз эли кантип төлөйт деген суроо ачык бойдон калды.

Кээ бирөө саясатка аралашты деген доомат айтып жатат, анысы суу кечпейт. Анткени, келишимдин өзү мамлекеттин мыйзамдарына туура келбеген шартта түзүлгөн. «Подключ» деген негизде мамлекеттик контракт түзүлбөш керек  керек. Түзүлгөн күндө да бүткөн со кабыл алуу актысы түзүлүп, бардык контракттын талаптары аткарылганын караш керек. Бул жерде эч кандай саясат жок. Ким болбосун жооптуу кишилер жазасын алышы керек.

Талант Мамытов, «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты: “Сот мыйзамдын алкагында гана баа берет, демек чечиминен шек санай албайбыз”

—ЖЭБди иликтеген комиссияда мен да болгом. Мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканын аудитордук факты менен көрсөтүшкөн, биз ошого таянуу менен корутунду чыгарып, тергөө органдарына өткөрүп бергенбиз. Алар иш аракеттерин жүргүзүп, сотко өткөрдү. Сот бардык фактыларга таянып чечим чыгарган. Сот мыйзамдын алкагында гана баа берет, демек чечиминен шек санай албайбыз. Бул иште саясат жок. Саясий негизде болсо жактоочулар сотко далилдерди жеткирмек. Чечим мыйзамдын алкагында чыкты. Соттор саясатка эмес мыйзамга таянат, алардын жеке жоопкерчилиги бар. Жөнөкөй жарандан баштап мамлекеттик кызматкерге чейнн мыйзамга баш ийиши шарт. Ал эми 111 миллионду ким төлөрүн тергөө органдары аныктап, чечим чыгарышы керек. Бул ишке Атамбаевдин тиешеси бар же жогун дагы аныкташ шарт.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: