Menu

Салман Найманов, активист: “Жанар, сен 5 жылдан бери элге эмне эмгек кылып бердиң? (Жанар Акаевдин “карт бөрүлөр” Темир Сариев менен Текебаевге кошулганы жакпады)

Бөлүшүү:

Жанар Акаев, шайлоого катуу аттаныпсыңар, өтө катуу кеткен жоксуңарбы? Анча кыйын экенсиңер бүгүндөн баштап эле шайлоого чейин өлкөнү бутуна тургузуп салбайсыңарбы? 27-жылдан бери тургузганга көп күч жумшабадыңар беле.

Эми бир аз эле калгандыр, шайлоого чейин батыл туруп кетер. Эмне бутуна тургузуш үчүн шайлоо эле жетпей жатабы дейм да?

Баса, сен беш жылдан бери каякта элең? СДПКаңар ушунча жылдан бери өлкөнү бутуна тургуза албай койду го. Сапатсыз тургузуп алып кайра бушайман болуп жатасыңар ээ. Өтө эле көп тургузуп ийиптирбиз деп кайгырган жоксуңарбы?

 

Тиги мурдагы “шеп” сага ишенип, “мына ушул бала өлкөнү сөзсүз бутуна тургузса керек” деп жаңылып калган эмес беле? Ии кокуй, сени парламенттеги башкаруучу коалициянын лидери болгон бийликтин партиясы – СДПК атайын депутат кылып өстүрбөдү беле?

Ошондон бери эмне костюмуңду комдонуп кийип коюп эле өлкөнү бутуна тургузбай эмне кылып жүрдүңөр? Эми кайра шайлоо жакындап калганда акылыңарга келе түшкөнүңө таңкалычтуу. Парламенттин жумшак креслосу силерди сүйүп калган жокпу?

Өзүңө окшош тажрыйбалуу “карт бөрүлөрдү” тегерегиңе үйүп алыптырсың.

Туура кыласың, бирок тиги “шепиң” түрмөдөн эми сага кантип пайдасы тийсин, кокус акталып чыгып калса, балким аябай жардамы тиер.

Ушул “карт тажрыйбалуу бөрүлөрдү” тирек кылып калыптырсың пайдасы тиер деп. Элдин көөнү калган “пенсионерлердин” сага пенсиясынын эле пайдасы тийбесе ботом, булардын элге ушунча жылдан бери пайдасы тийген жок эми сага пайдалары тиерине көзүм жетпейт.

Тиги бирөөсү жаш кезинен өлкөгө дүңгүрөп аты чыккан, бирок алгылыктуу эч нерсе жасай албады. Пенсияга чыгар курагында “Мен Кыргызстанды Сингапурга айлантам!” деп, кой десе болбой такыр оолугуп алыптыр. Башында жакшы элесиңер, элге жерге күйгөн киши болуп, анан парламентке келип алсаңар эле өзгөрүп кетесиңер.

Силерди ушул беш-алты жылда парламенттин ичинен баарыңарды дөө же жин-пин уруп кеткен жокпу? Бир чоң молдону таап өзүңөрдү окутуп көргүлөчү балким айыгып калсаңар, кайра өзүңөрдүн айтканыңарга кийин өзүңөр ишенер бекенсиңер дейм да.

Эми силердин убада, жомогуңарга жарандардын көпчүлүгү ишене бербейт окшойт. Себеби 27 жыл жарандардын үмүт-тилегин актабадыңар, ишеничтен кеттиңер.

Эл менен эсептешип жеке жоопкерчиликти мойнуңарга алган жоксуңар. Азыр деле бизге мурдагыдай боло берет деп ойлойсуңар.

Бийликтин татуу даамына алданып кожоюнуңарга кызмат кыласыңар.

Салман Найманов, активист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: